Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

Кытайда үч адам өлүм жазасына тартылды


Кытайда беш адамдын өлүмү үчүн айыпталган үч киши өлүм жазасына тартылды. Алар былтыр мартта Кытайдын түштүгүндөгү Куньмин шаарындагы кол салууга айыпталган.

Былтыр 1-мартта бычак менен куралданган кишилер жай тургундарды туш келди сая баштаган. Бул окуяда кеминде 31 киши каза таап, 140ка жакыны жарадар болгон.

Ошол учурда шектүү төрт кишини полиция атып өлтүргөн.

Бийлик окуяны Шыңжаң Уйгур автономиялуу аймагынын жикчилери уюштурган теракт деп сыпаттаган эле.

XS
SM
MD
LG