Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Март, апрель ыңкылаптарын мектеп программасына киргизүү сунушталды


2005-жылдагы март жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик ыңкылаптардын себептери жана сабактарын талкуулаган жыйындын катышуучулары алты сунуштан турган резолюция кабыл алышты.

Алар: өткөн эки окуядан демократияны өнүктүрүү үчүн сабак алуу, алардын мааниси жана ролу жөнүндө тарыхый, саясий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү улантуу, мектеп китептеринде жана башка окуу куралдарында парламенттик демократияга карай күрөшүү этаптарын комплекстүү чагылдыруу, ыңкылаптар тууралуу иликтөөлөрдүн жыйынтыгын расмий жана чет тилдерге которуу, Кыргызстандын келечеги үчүн өмүрүн, ден соолугун берген каармандар, окуялар туурасында көркөм, даректүү тасма тартып, чыгарма жазуу менен тарыхта калтыруу.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган. Анын ордуна бийликке келген президент Курманбек Бакиев беш жылдан кийин ушундай эле жол менен бийликтен куулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG