Кыргыз өкмөтү Аскердик полиция түзүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, аталган мекеме айрым аскерий кылмыштарды иликтөө, тергөө, укуктардын бузулушун алдын алуу вазийпасын аткарышы мүмкүн.
- Учурда аскердеги тарбия, тартип маселеси көп талкууланып жатат. Бул азыр сунуш катары каралууда. Бүгүн-эртең түзүлөт дегенге жатпайт. Учурда бул багытта дүйнөлүк тыжрыйба менен таанышып жатабыз, - деди Маматалиев.
Кыргызстанда жоокерлерди өлүмү тез-тез катталып турат. Көп учурда алар өз жанын кыят. 13-март күнү Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө аскерлердин бири эс-учу жок жаткан жеринен табылган. Аны өзүнө келтирүү аракетинен майнап чыккан эмес. (КE)