Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Тунистеги Бардо музейи кайра качан ачылары белгисиз


Өткөн аптада террордук кол салууга туш болгон Тунистеги Бардо музейин ишке киргизүү коопсуздук маселесинен улам башка убакытка калды. Буга чейин 24-мартта музей көрөрмандар үчүн эшигин ачары айтылган.

Кол салууда 22 адам мерт кеткен. Алардын көпчүлүгү чет өлкөлүк туристтер эле. Полиция кол салууга шектүү эки адамды жок кылып, бир нечесин кармаганы кабарланган. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу өзүнө алган эле.

Тунис бийлиги бул кол салуу өлкөнүн туризм тармагына терс таасирин тийгизет деп чочулоодо.

Окуядан соң премьер-министр Хабиб Эссид коопсуздук маселесине жетиштүү көңүл бурбаганы үчүн өлкөнүн полиция кызматынын жетекчисин жана музей жайгашкан аймактын башчысын кызматтан алган.

XS
SM
MD
LG