Ирактын тышкы иштер министри Ибрагим ал-Жафари Сириянын президенти Башар Асад менен жолукту. Сириянын мамлекеттик телеканалынын кабарлашынча, Дамаскта өткөн жолугушууда эки тарап “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы күрөштү талкуулады. Анда Дамаск террорчуларга каршы биргелешип күрөшүүгө макулдугун билдирген.
Былтыр “Ислам мамлекети” тобу Сирия менен Ирактын аймагынын бир нече бөлүгүн басып алып “халифат” жарыялаган. Алар бул аймактардагы жергиликтүү тургундарга зордук-зомбулук көрсөтүп, тарыхый эстеликтерди бүлүндүрүп жатышат.
АКШ баштаган бир нече өлкө “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы коалиция түзгөн. Коалиция учактары согушкерлерге каршы абадан сокку уруп жатат. Акыркы учурда Ирактын өкмөттүк аскерлери коалиция көмөгү менен түндүктөгү Тикрит шаарын бошотуу операциясын жүргүзүүдө.