Сомдун курсун кармап туруу максатында Улуттук банк 24-мартта 8,4 млн. долларды сатыкка чыгарды. Буга чейин акыркы жолу, 16-мартта 24,7 млн. доллар интервенцияланган болчу.
Жыл жаңыргандан берки үч айга жетпеген убакта Улуттук банк бардыгы болуп 142 миллионго жакын долларды интервенциялады.
Жыл башында доллардын расмий курсу 58 сом 80 тыйын болчу. Бүгүнкү расмий курс 62 сом 31 тыйын деп турса, акча базарында 1 доллар 63 сом 80 тыйындан сатылууда.(ZKo)