Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Атамбаевдин сапары бүгүн Францияда уланат


Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 25-март күнү Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугуп, кыргыз-француз бизнес-форумуна катышат.

Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө сапары 22-мартта Австриядан башталган.

Президент 26-мартта Швейцария конфедерациясынын президенти Симонетта Соммаруга жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 30-мартка чейинки аралыкта президент Бельгиянын королу Филипп, ошондой эле Европа союзунун институттарынын жетекчилери -Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушат.

31-марттан 1-апрелге чейин өлкө башчысы Германияда болуп, президент Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркелдин кабыл алуусунда болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG