Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жетип, бир катар объекттер жабыркады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү маалыматы боюнча, Талас облусунда Аманбаев, Ак-Чий, Маймак айылдарында 199 турак үйдүн жана 8 социалдык объекттин 5 миңге жакын шиферин шамал учурган.
Ошондой эле Чүйдүн Сокулук, Кемин райондорунда, Баткендин Баткен, Кадамжай райондорунда жабыркоонун кесепеттери такталууда.
Адам өмүрүнө заян тийген учурлар катталган жок. (RK)