Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Таласта кен иштетүү боюнча аукцион болбой калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн Таластын Манас айылындагы Арал гранодиорит кенин иштетүү жана Кеңколдогу базальтты чалгындоо боюнча аукцион өтмөк. Бирок бир дагы компаниядан арыз түшпөгөндүктөн сынак болбой калды.

Аукцион өткөрүү жобосуна ылайык, белгиленген мөөнөттө эки жолу сынак өтпөй калса ишканалар менен түзмө-түз сүйлөшүү башталат.

Гранодиорит курулуш тармагында кошумча жасалгалоо үчүн колдонулган таштын түрү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG