Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Немцов өлтүрүлгөн жердеги сүрөт, гүлчамбарлар талкаланды


Борис Немцов өлтүрүлгөн жер
Борис Немцов өлтүрүлгөн жер

Москванын борборунда оппозициячыл саясатчы өлтүрүлгөн жерде анын сүрөттөрүн талкалап, коюлган гүлчамбарларды бузуп кетишти.

Ошондой эле Немцовдун сүрөтүнүн алдына "Орусиянын душманы" деп жазып кетишкен. Бул тууралуу маркумдун санаалашы Илья Яшин Твиттердеги баракчасына жазды.

Бул үчүн жоопкерчиликти “SERB куткаруу кыймылы” деген уюм алды.

Орус ММКларынын маалыматына ылайык, аталган уюм “Антимайдан” кыймылына кирет. “SERB” активисттеринин бири Гоша Тарасевич алардын кыжырын Чоң Москва көпүрөсүнө Борис Немцовдун ысымын берүү сунушу келтиргенин айтты.

Тартип коргоо органдарынан окуя боюнча эч кандай комментарий боло элек.

Учурда Немцов өлтүрүлгөн жер тазаланып, жаңы сүрөттөр коюлуп, гүлдөр пайда болду.

27-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн 55 жаштагы Борис Немцов орус оппозициясынын лидерлеринин бири эле. Ал акыркы он жыл аралыгында азыркы орус бийлигин сынга алып, ар кыл нааразылык акцияларды уюштуруп келген.

Анын өлүмүнө айыпталып чечен улутундагы беш адам кармалган. Бирок баары айыпты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG