Ош шаарында элечектин көргөзмөсү өтүүдө. Ага түрдүү социалдык катмар, уруу жана аймактарга таандык элечектердин түрлөрү коюлду. Мисал катары бугу уруусунун келиндерине таандык элечек көрүүчүлөр алдында оролуп көрсөтүлдү.
"Элечек" долбоорунун жетекчиси Айдай Асанкулованын "Азаттыкка" айтымында, Кыргызстан, Кытай жана Тажикстанда жашаган кыргыз аялдарынын элечектеринин түрлөрү изилденип, алардын саны элүүгө жакын экени аныкталды.
Белгилүү болгондой, учурда кыргыз элечегин ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү сунушу каралууда. (YI)