Европа комиссиясы шаршембиде Европадагы кошуналык саясат программасына мүчө болгон мамлекеттердеги адам укуктары боюнча жыл сайын жарыялап туруучу кезектеги докладын чыгарды.
Докладдын авторлору Азербайжан өкмөтүн кескин сынга алып, 2014-жылы өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөр, адам укуктары боюнча абал начарлаганын белгилешти.
Украинадагы абал боюнча айтып жатып, Еврокомиссиянын өкүлдөрү бул өлкөдө реформалар абдан кыйын маалда ишке ашып жатканын белгилешти.
Документте 2014-жылы Украинанын чыгышындагы Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы адам укуктары боюнча абал бир топ начарлаганы жазылган.
Докладда Грузияда демократиялык өзгөрүүлөр уланып жатканы, ошол эле маалда улуттук азчылыктарды коргоо үчүн кошумча чараларды кабыл алуу керектиги белгиленген.
Изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, Молдовада адам укуктары боюнча абал бир аз жакшырган.
Докладда Армения 2013-жылы Евробиримдик менен кол коюудан баш тартып, Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине кошулганы баса белгиленген.