Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Укук коргоочу Бишкек мэриясы кыргыз тилинде өз гезитин чыгарышын талап кылууда


Бишкек мэриясы жана шаар кеңеши
Бишкек мэриясы жана шаар кеңеши

Мындай талап менен укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров 26-мартта Бишкек шаар мэриясынын алдына чыгат. Укук коргоочу миллион киши жашаган борбор калаанын мамлекеттик тилдеги гезити болууга тийиш деп эсептейт. Анын айтуусунда, Бишкек мэриясына да, шаардык кеңешке да тиешелүү болгон басылма жок. Ошондуктан мэрия өз алдында бир басылма түзүп, шаардыктарга мэриянын жарлыктарын, тиешелүү жаңылыктарды жарыялап турууга тийиш.

Качандыр бир Бишкек шаар бийлигине тиешелүү болуп турган орус тилиндеги “Вечерний Бишкек” гезити азыр менчик ээсинде. Ал эми 90-жылдары кыргыз тилинде бир аз жарык көргөн “Бишкек шамы” гезити каражат жок деген себеп менен чыкпай калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG