Ооганстандагы талиптерде туткунда болгон америкалык аскер дезертирлик кылган деп айыпталууда. Сержант Боу Бергдал беш жыл бою талиптердин колунда туткунда жүрүп, өткөн жылы Гуантанамо түрмөсүндө камалып жаткан беш кишиге алмаштырылган.
28 жаштагы сержант 2009-жылы Ооганстандын Пактика провинциясындагы аскердик постту таштап кеткенден кийин, талиптер кармап алышкан. Анын Гуантанамо түрмөсүндөгү беш кишиге алмаштырылуусу республикачылардын нааразылыгын жараткан.
Боу Бергдалдын соту 22-апрелде болот.
АКШнын Ооганстандагы он жылдан ашуун убакытка созулган аскерий операциялары учурунда 2315 америкалык аскер окко учуп, 20 миң чамалуусу жарадар болгон. Канчасы туткундалганы белгисиз.