Кыргызстандын акча базарындагы абал, доллардын кескин кымбатташы тууралуу Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш маалымат берет. Улуттук банктан билдиришкендей, бүгүнкү басма сөз жыйынында журналисттер акча базарындагы кырдаал менен кошо Улуттук банктагы валюта резерви тууралуу да маалымат ала алышат.
Акыркы айларда Кыргызстанда доллардын курсу кескин өстү. Жыл башында 1 доллар 58 сом 80 тыйын болсо, үч айга жетпеген убакта дээрлик 5 сомго кымбаттады. Бул убакыттын ичинде Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу аракетинде базарга 142 млн. доллар алып чыгып сатты. Акыркы жолу, 24-мартта 8,4 млн. доллар интервенцияланды.(ZKo)