Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Айдаркенде 8-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды


Бул туурасында “Азаттыкка” Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Айдаркен шаардык №19 мектептин 8-классынын окуучусу Орозмат Надиров 17-март күнү муунуп калган жеринен табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучунун ата-энеси ажырашып кеткендиктен ал таенесиникинде жашап жаткан.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы 600дөн ашык адам өз өмүрүн кыйган. Билим берүү министрлиги алардын 93ү өспүрүмдөр экенин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG