Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Ата-эненин кароосунан ажыраган балдардын саны он миңге жетти


Социалдык өнүктүрүү министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкедей, балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча атайын түзүлгөн штабдын кызматкерлери өлкө боюнча 119 миң үй-бүлөнү текшерип, жыйынтыгында 10 миңден ашык бала ата-эненин камкордугусуз калганын аныкташкан. Мындан тышкары мектеп курагындагы 5 миңден ашык бала окубайт. Рейд учурунда балдарга карата зомбулук фактылары да катталган.

Балдарга карата зомбулук маселеси жыл башында өз туугандарынан кордук көрүп, сабалып ооруканага түшкөн 2 жашар Ибрагим аттуу баланын окуясынан кийин мамлекеттик деңгээлге көтөрүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG