Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Францияда кыйраган учактын “кара кутусу” изилденүүдө


Францияда кырсыкка учураган учактын кыйроо себептери иликтенип жатат. Тергөөчүлөр учактын табылган “кара кутусун” изилдөөдө. Ал ортодо “New York Times” гезити өз булактарына таянып, “кара кутуда” кырсык болгон учурда эки учкучтун бири кабинадан чыгып, кайра кире албай калганы жазылганын маалымдады.

“Кара кутудагы маалыматка караганда кабинадан сыртка чыккан учкучтун эшикти тыкылдатып жатканы, жооп болбогон соң эшикти сындырчудай түрткөнүн угууга болот” деп жазды "News York Times".

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу А320 үлгүсүндөгү аэробус 24-мартта Франциядагы Алпы тоосунда кыйраган. Барселонадан Дюссельдорфту көздөй бараткан учакта 144 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Француз полициясы билдиргендей, каза тапкандардын сөөгүн шарты оор тоолуу райондон алып чыгууга бир нече күн кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG