Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Иран Сауд Арабиянын Йемендеги операциясын айыптады


Иран бийлиги Сауд Арабиянын Йемендеги шийиттердин хусит козголоңчулары ээлеген жерлерди бомбалоосун сынга алып, “абдан коркунучтуу кадам” катары баалады.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Сауд Арабиянын мындай кадамы “абалды дагы татаалдантып, бул өлкөдөгү чатакты жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн жок кылары” айтылган.

Буга чейин Сауд Арабиясы коңшу өлкөлөр менен түзгөн коалиция менен бирге Йемендеги хусит козголоңчулары ээлеген жерлерге абадан сокку ура баштаганын билдирген. Бул Йемендин мыйзамдуу бийлигин сактоо аракети деп түшүндүрүлгөн.

Операцияга 100гө чукул учак катышканы кабарланган. Сауд бийликтеринин бул аракетине Иордания, Египет колдоосун билдирген. Коалицияга Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар жана Бахрейн кирет.

Йемендин баш кааласы - Сананы өткөн айда козголоңчулар ээлеп алган. Мындан соң өлкө президенти Абд Раббо Мансур Хади түштүктөгү порттук шаар -Аденди убактылуу борбор деп жарыялап, ушул жакта баш калкалап келген эле. Кечээ шийит козголоңчулары хуситтерге шериктеш согушкерлер Аден шаарынын аэропортун басып алганы кабарланды.

Мунун алдында өлкө президенти Адендеги сарайын таштап, белгисиз тарапка качып кеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG