Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Улуттук банк: Жакынкы айларда доллар 70 сомго жетпейт


Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиштин бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришинче, алдыдагы айларда доллардын курсу 70 сомдун чегине жетпейт.

Ал бүгүнкү күндө акча алмаштыруучу жайларда жасалма кымгуут жүрүп жатканын эскертип, элди мындай кырдаалда сабырдуу болууга чакырды.

Бүгүн шаардагы Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде доллардын курсу дээрлик 65 сомго чейин жетүүдө.

Расмий курс 63 сом 89 тыйын. (AzK\SA)

XS
SM
MD
LG