Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Кыргызстанда алтын куймаларын сатыкка чыгаруу каралууда


Бул туурасында “Азаттыкка” Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда долларлашуу 50 пайыздан ашты. Соңку эки жылда бул көрсөткүч 2 пайыз өстү.

Бул тенденцияны токтотуу максатында Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарууну көздөөдө. Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору парламентте үч окууда жактырылып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Ага ылайык алтын куймалары кошумча нарк салыгынан бошотулушу керек.

Эгер президент кол койсо, алтын куймалары сатыкка чыгат. Өкмөттүн айтымында, жарандар доллардын ордуна алтын куймаларын сатып алып каражатын сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG