Жылдын аягына чейин Кыргызстанда бир доллардын баасы 75 сомго жетиши ыктымал. Мындай божомолун бүгүн "Азаттыкка" Улуттук банктын жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Ишенбаев билдирди.
Ал валюта рыногундагы азыркы абал жазгы талаа иштери башталып, кара май жана жер семирткич долларга сатылып алынып жатканы менен байланыштырды. Бирок күзүндө парламенттик шайлоо өнөктүгү доллардын 75 сомго чейин кымбатташын шарттайт деген пикирин айтты Максат Ишенбаев.
Доллардын расмий курсу жыл башында 59 сом болсо, бүгүн 63,4 сомго жетти. Ал эми жеке акча алмаштыруучу жайларда бир долларды 64 сом 75 тыйындан сатып жатышат. (RK)