Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Түркияда күрт козголоңчулар менен атышуу болду


Түркиянын чыгышында аскерлер менен күрт козголоңчулары бири-бирине артиллериядан ок атышты. Армия өкүлдөрү козголоңчулар аларды көздөй ок аткан соң жооп иретинде ок ачууга аргасыз болгонун билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, тыюу салынган "Күрт жумушчу партиясынын" согушкерлери түштүк-чыгыштагы аскердик казармага кол салган. Бул атышуу түрк өкмөтүнүн күрт козголоңчулары менен сүйлөшүү жараянына терс таасирин тийгизет деген чочулоо айтылууда.

Расмий Анкара тыюу салынган "Күрт жумушчулар партиясынын" (ПКК) лидери Абдулла Өжалан менен сүйлөшүүлөрдү 2011-жылы баштаган.

Жакында Өжаландын кийлигишүүсү менен Ирактын түндүгүндө эки жылдан бери туткунда кармалып жаткан түркиялык бир нече аскер бошотулган болчу. Андан соң Өжалан козголоңчуларга ок атууну токтотууга чакырган.

Бул сүйлөшүү 30 жылдан бери уланып келаткан куралдуу кармашты токтотот деген үмүттү жандырган эле.

XS
SM
MD
LG