Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун айтымында, ыкчам маалыматка караганда Канжар Кадыралиев Башкы прокуратурага өз ыктыяры менен келген. Ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатышы керектигин билдирген.
Бул маалыматты Башкы прокуратура азырынча тастыктай элек.
Башкы көзөмөл орган буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. (AzK)