Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Global Witness Максим Бакиевдин Британиядагы үйүн тапты


Максим Бакиевдин үйү. Суррей
Максим Бакиевдин үйү. Суррей

2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Британиядагы Суррей районунда наркы 3,5 млн. фунт стерлинг турган үйдө жашайт. Бул тууралуу Global Witness журналисттик иликтөөлөр борбору бүгүн жарыялаган баяндамада айтылат. Маалыматка ылайык, бул үй Борбор Америкадагы Белиз өлкөсүндөгү Limier Partners Limited компаниясына катталган. Журналисттер бул үй 2010-жылы августта сатып алынганын жазышкан.

Мындан улам иликтөө борбору компания бул үйдү Кыргызстандан алып чыгып кеткен акчаларды адалдоо үчүн сатып алышы мүмкүн экенин божомолдоп жатат.

Максим Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон жана эл аралык издөө жарыяланган. 2013-жылы март айында сот болуп сыртынан 25 жылга кесилген болчу.

XS
SM
MD
LG