Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Айткулов: Кадыралиев Баш прокуратурага өз ыктыяры менен барды


Канжар Кадыралиев Башкы прокуратурага өз ыктыяры менен барды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Айткуловдун айтымында, азыр Кадыралиев ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

Бул маалыматты Башкы прокуратура азырынча тастыктай элек.

Башкы көзөмөл органы буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG