Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Путин Батышты Орусияга чуу салгысы келет деп айыптады


Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөнүн атайын кызматтары бейөкмөт уюмдарды өз кызыкчылыгына колдонуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Путин бейшембиде Федералдык коопсуздук кызматынын жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, бул аракеттер орус бийлигин дискредитациялоо жана өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга багытталган. Орус президенти Батыштын атайын кызматтары 2016-2018-жылдары шайоо учурунда ар кыл акцияларды уюштурууну пландап жатканын да кошумчалады. Жыйында 2014-жылы Орусияда 300гө жакын тыңчы кармалганы да белгилүү болду.

Владимир Путин “чет өлкөлүк өнөктөр” Москвага карата саясий изоляциядан тарта кеңири маалымат согушка чейин басым көрсөтүп жатканын да билдирди.

Украинанын чыгышындагы абал жана Крымдын аннексияланышынан улам Батыш менен Орусиянын мамилеси “кансыз согуштагыдай” абалга кептелди. АКШ жана Евробиримдик экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG