Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Атамбаев: Евросоюз менен Орусиянын мамилеси жакшырарына ишенем


Президенти Алмазбек Атамбаев менен Европарламенттин башчысы Мартин Шульц. 26-март, 2015-жыл
Президенти Алмазбек Атамбаев менен Европарламенттин башчысы Мартин Шульц. 26-март, 2015-жыл

26-март күнү кечке жуук Алмазбек Атамбаев Брюсселде Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц менен жолукту. Жолугушуу абдан жакшы маанайда өткөнүн айткан Европарламенттин төрагасы Шульц мырза анын Кыргызстандын президенти менен сүйлөшүүсү мерчемделгенден узакка созулганына токтолду. Пикир алмашуу ага терең таасир эткенин айтып, Кыргызстан менен Еврошаркеттин ортосундагы өнөктөштүк мындан дагы жакшы нукта өнүгөрүн белгиледи:

- Президент мырза, Европа праламенти сизди дайыма колдойт деп ишендиргим келет.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Олланд жана Европарламенттин төрагасы Шульц менен сүйлөшүүдөн кийин Украинадагы абал боюнча Евросоюз менен Орусиянын позицияларынын жакындашына ишене турганын айтты:

- Кандайдыр бир деңгээлде мен Украина жана Молдова боюнча Орусия менен Евробиримдиктин позицияларын жакындата алгандаймын.

Ошондой эле Атамбаев Украинадагы маселени тараптардын кызыкчылыгын эске алып, саясий диалогдун негизинде чечүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгиледи.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG