Имарат кулардан мурда жарылуунун үнү чыкканы айтылууда. New York Times окуяга күбө болгондорго таянып, жабыркагандар көп экенин жазып чыкты.
Кийинчерээк Нью-Йорктун мэри жарылууга газдын чыгышы себеп болгонун билдирди.
Жарылуудан ондогон киши жабыркаганы, үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Өрт өчүрүүчүлөр болсо имарат толугу менен кулап калышы ыктымалдыгына кооптонуп жатышат.