Эки күндүк сапарында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ош шаарындагы эстакада көпүрөнүн курулушу менен таанышат. Түштөн кийин Алайга чыгып, Кара-Мык жана Эркеч-Там көзөмөл бажы бекеттеринин абалы менен таанышат.
Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Чолпон Сулайманова билдирди. Анын айтуусунда, көзөмөл-бажы бекеттеринин иши Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кирүүгө даярдыгынын алкагында жүргүзүлүүдө. Буга чейин өкмөт башчы Нарындагы кыргыз-кытай чек арасына курулган Торугарт көзөмөл-бажы бекетинин абалы менен таанышып кайткан.
28-мартта Алайдын Нура айылынын тургундары менен жолугушат. Нура айылында 25-мартта күчү 3,5 баллга жеткен силкинүү болгон. Бул айылда 2008-жылы күзүндө жети баллдык жер титирөө болуп, кыштак тыптыйпыл кыйрап, 74 киши каза болгон.(ZKo)