Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Lufthansa: Француз бийлигинин билдирүүсү нес кылды


Альпы тоолорунда кыйраган аэробус таандык болгон Lufthansa компаниясынын башчысы Карстен Шпор 26-марттагы маалымат жыйынында француз тараптын “учактын экинчи учкучу 150 кишиси бар учакты атайылап жок кылган” деген билдирүүсү аябай таң калтырып жатканын айтты. Анын айтуусу боюнча учкуч Андреас Любиц тиешелүү бардык текшерүүлөрдөн өткөн.

Герман канцлери Ангела Меркел кырсыктын себептери ийне-жибине чейин иликтенүүсүнө көзөмөл кыларын билдирди.

Франциянын Марсел шаардык прокурору Брис Робин кечээ “кара кутуда жазылган” маалыматка караганда, 2-учкуч учакты тоого барып урунганга чейин башкарып турган, ал эми дагы бир учкуч дал ушул учурда кабинанын сыртында кире албай калган болушу ыктымалдыгын билдирген.

Мындай билдирүүдөн кийин Европадагы айрым аба компаниялары учкучтар кабинасында экиден кем эмес киши калуусуна тыюу салышты.

XS
SM
MD
LG