Китеп басуу менен ишкерлик кылган Жаныбек Жанызактын үйүн милиция текшерүүгө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкер өзү билдирди. Анын айтымында, 25-март күнү Бишкекке караштуу Кара-Жыгач конушундагы үйүнө бир кичи автобуста милиция кызматкерлери барып, тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун китептерин басып чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн билдиришкен:
- Аларга бул кабарды 102 номуруна бирөө чалып айтыптыр. Милиционерлерди үйүмдүн жертөлөсүндөгү басмаканама алып кирип, көрсөттүм. Эч кандай диний китептерди чыгарбай турганымды айттым. Текшерүү жүргүзүп, кайра кетишти. Мен диний ишенимимден улам Ислам динине байланыштуу китептерди басып чыгарбайм,- дейт Жанызак.
Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы бул боюнча комментарий бере элек.
Жаныбек Жанызак менчик басмаканасында детектив, социалдык-турмуштук, эротикалык жанрда жазган авторлордун китептерин басып чыгарат. (SE)