Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

“Макмалалтында” беш айдан бери план аткарылбай жатат


Токон Мамытов
Токон Мамытов

“Макмалалтын” ишканасында беш айдан бери айлык план 50-60 гана пайыз аткарылып жаткандыктан жумушчуларга айлык акы өз убагында берилбей келүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” мекемесинин жетекчиси Токон Мамытов билдирди:

- “Макмалалтын” айына 40 килограммдан алтын ылгашы керек, бирок өткөн жылдын ноябрь айынан бери 12-15 килограмм даярдап жатышат. Буга кендин азайганы жана ишканадагы техника эскиргени себеп болууда. План аткарылбай калгандыктан акча да азайып, жумушчулар үчүн айлыкты башка ишканалардын эсебинен төлөп келүүдөбүз.

Бүгүн “Макмалалтында” иштеген 200дөн ашуун адам өткөн айдын маянасы берилбей жатканын айтып, иш таштаган. “Кыргызалтын” бүгүн айлык толук которулганын, эртең жумушчулардын колуна тиерин айтууда.

Акцияга чыккандар 84 кызматкердин жумуштан алынганына да нааразылыгын билдиришкен. Мамытов кызматтан четтетилгендер пландын аткарылбай жатканынан улам иштен алынганын айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG