Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

“Макмалалтындагы” иш таштоо токтоду


Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” ишканасында маянаны өз убагында берүү талабы менен бүгүн иш таштаган кызматкерлер түш ченде кайрадан жумушту уланта баштады. Алар 30-март күнү “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов келип, айлык боюнча түшүндүрмө беришин талап кылышты. Талаптарын райондун акимине тапшырып чыгышканын ишкананын профсоюз кошуунунун төрагасы Улукбек Молдобеков “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн “Макмалалтында” иштеген 200дөн ашуун адам өткөн айдын маянасы берилбей жатканын айтып, иш таштаган. “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов бүгүн айлык толук которулганын, эртең жумушчулардын колуна тиерин айтты.

Мамытовдун билдиришинче, “Макмалалтын” ишканасында беш айдан бери айлык пландын аткарылышы 60 пайыз төмөндөп кеткен. Мындан улам каржылык тартыштык жаралып, маяна башка ишканалардын эсебинен төлөнүп келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG