Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Аба ырайы кескин өзгөрөт


31-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй жана Талас облустарында кар аралаш жамгыр жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” билдирди.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушун кыйындатат. Кыштоо жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаралат.Үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет.

Андан сырткары, тоолуу унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек. (SE)

XS
SM
MD
LG