Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Жеңиш күнүнө арналган эл аралык эстафета Бишкекте уланды


Бишкектеги "Эскерүү эстафетасынан" бир көрүнүш. 27-март, 2015-жыл.
Бишкектеги "Эскерүү эстафетасынан" бир көрүнүш. 27-март, 2015-жыл.

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эскерүү эстафетасы» бүгүн Бишкекте уланды. Акция буга чейин Минск, Баку жана Кишинев шаарларында өткөн. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламент аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар, ассамблея делегациясы, Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери, өкмөт менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттон тамызгы алынып, атайын кутучага салынды. Эстафета талабына ылайык, бардык өлкөлөрдөн түбөлүк оттун тамызгылары Санкт-Петербург шаарына чогултулуп, 16-апрелде аларды бириктирүү салтанаты өтөт.

Бүгүнкү салтанаттын алкагында согуш ардагерлери Жеңиш аянтынын тегерек четине дарак отургузушту. (AsA)

XS
SM
MD
LG