Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Депутат агенттик жетекчисине ишеним көрсөтпөөнү сунуштады


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевге ишеним көрсөтпөө демилгесин айтууда. Депутат бүгүн "Азаттык" менен маегинде Зилалиев Жерүй боюнча конкурска катышып жаткан компаниялардын биринин жетекчиси менен жеке жолугушуу өткөргөнүн, бул мыйзамда кылмыш катары жазылбаганы менен моралдык жактан калпыс иш болгонун билдирди.

Кечээ 26-мартта кенди иштетүү укугун берүү боюнча конкурстук комиссия Орусияга таандык “Алданзолото” менен “Восток-геолдобыча” компаниялары жана “Кыргызалтын” ишканасы сынактын кийинки этабына катыша алат деген чечим чыгарган болчу.

Тербишалиевдин айтымында, комиссиянын жыйыны алдында Зилалиев "Алданзолотого" ээлик кылган Polyus gold компаниясынын өкүлдөрү менен жеке жолугушуу өткөргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG