Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

«Эскерүү эстафетасы» Бишкекте уланды

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эскерүү эстафетасы» бүгүн Бишкекте уланды. Акция буга чейин Минск, Баку жана Кишинев шаарларында өткөн. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламент аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган. Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Жеңиш аянтындагы Өчпөс оттон тамызгы алынып, атайын кутучага салынды. Эстафета талабына ылайык, бардык өлкөлөрдөн түбөлүк оттун тамызгылары Санкт-Петербург шаарына чогултулуп, 16-апрелде аларды бириктирүү салтанаты өтөт. Бүгүнкү салтанаттын алкагында согуш ардагерлери Жеңиш аянтынын тегерек - четине дарак отургузушту.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Улан Асаналиев

"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG