Канжар Кадыралиев Бишкектеги №1 оорукананын чукул хирургиялык бөлүмүндө кайтарууда жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Канжар Кадыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Интерпол аркылуу изделип жаткан.
26-март күнү ал адвокаты аркылуу ден соолугу начар экендигин, ооруканада жатканын билдирген. Бул маалыматты күч кызматкерлери текшерип, ал дарыланып жаткан оорукананы милиция көзөмөлгө алды.
Кадыралиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Кадыралиева агасына козголгон ишти саясий атаандаштарынан көрүп келет. (SE)