Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Мотуевдин үстүнөн ФБРге арыз түштү


Нурлан Мотуев радикал чакырыктары аркылуу коомчулукка таанымал
Нурлан Мотуев радикал чакырыктары аркылуу коомчулукка таанымал

Нью-Йоркто жашап жаткан кыргызстандык жаран Нурлан Мотуевге байланыштуу ФБРге арыз жазды. Азырынча аты аталбаган арыз ээси Мотуев “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдой турганын, Кыргызстанда ислам революциясын жасоого чакырык жасаганы тууралуу билдиргенин угуп, күч органдарына кайрылганын айтууда.

“Мотуев АКШда жашоого уруксат сураганын уккам. Ошондуктан АКШ бийлиги ал жөнүндө тереңирээк изилдеши керек деген ой менен кайрылдым” дейт арыздануучу.

Коомчулукка бир катар агрессивдүү, адаттан тыш билдирүүлөрү, жүрүм-туруму менен таанылган Мотуев өзү азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

“Ислам мамлекети” тобу Кыргызстанда террордук-экстремисттик уюм катары таанылган. (SE)

XS
SM
MD
LG