Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Иран өзөктүк программасы боюнча АКШга кайрылды


Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ президенти Барак Обамага өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу кайрылуу жолдоду. Ушундай эле кайрылуу Улуу Британия, Франция, Кытай, Орусия жана Германияга да жөнөтүлдү. Анын мазмуну азырынча белгисиз.

Бирок кечээ Роухани британ, француз, кытай жана орус лидерлери менен телефондон сүйлөшүп, Иранга карата киргизилген санкциялар негизсиз экенин, аларды алып салуу керектиги айтты.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча беш өлкө менен сүйлөшүүлөр көптөн бери жүрүп келатат. Бул жолу 31-мартта жыйынтык чечим кабыл алуу каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG