Бул тууралуу аталган уюмдун кызматкерлери “Азаттыкка” кабарлады. Алардын айтымында, тинтүүнү УКМК жүргүзүп жатат.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы буга чейин тинтүү жүрүп жатканы тууралуу кабардар экендигин, бирок ага милициянын тиешеси жоктугун билдирген. Башка органдардан маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.
"Бир дүйнө-Кыргызстан" уюмун алгач “Жарандар коррупцияга каршы” деген аталыш менен укук коргоочу Төлөкан Исмаилова түптөгөн. Негизинен адам укуктарын сактоо жаатында иш жүргүзүшөт. (SE)