Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Атамбаев Европа комиссиясынын вице-президенти менен жолугушту


Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын вице-президенти, маалыматтык технологиялар тармагындагы ири долбоорлордун ишке ашырылышына кураторлук кылган Андрус Ансип менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа комиссиясынын ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташуусунун келечеги талкууланды.

Европа комиссиясынын вице-президенти Андрус Ансип бирдиктүү санариптик рынокту түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берип, электрондук маалыматтар менен алмашуу системасын түзүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG