Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Канжар Кадыралиевди 1 айга камакка алуу чечими чыкты


Бишкек шаардык Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевди бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

- Канжар Кадыралиев ооруп жатканына байланыштуу оорруканада жатат, бирок ал кайтарууга алынган. Сотко келе албаса, ал дарыланып бүткөнгө чейин сот иштери токтоп турат. Кадыралиев 10 күндүн ичинде апелляциялык арыз жаза алат.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген.

Кадыралиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG