28-31-мартта жаан-чачындуу, суук аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
29-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланат. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 0…5,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз -2...+3,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо -11...-16, күндүз -3...-8 градус болот.
29-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 1…3 градус болот. (ZMa)