Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Сауд Аравия Аденден чет өлкөлүктөрдү чыгара баштады


Аден шаарындагы башаламандыктар
Аден шаарындагы башаламандыктар

Сауд Аравия Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарынан бир катар чет өлкөлүк дипломаттарды чыгара баштады. Ондогон чет өлкөлүктөр аскер кемелери менен Аденден чыгарылып кеткенин Сауд Аравиянын телевидениеси кабарлады.

Бүгүн Египетте Араб өлкөлөрүнүн лигасынын эки күндүк саммити башталууда. Анда башкы тема Йемендеги кырдаал болот.

25-мартта Сауд Аравия бир катар араб өлкөлөрүнүн колдоосу менен Йемендин аймагындагы шиит козголоңчуларынын көзөмөлүндө турган объекттерге абадан чабуул жасай баштаган. АКШ президенти Барак Обама кечээ Сауд Аравиянын падышасы Салман менен сүйлөшүүдө Йемендеги аскердик операцияга колдоосун билдирди.

Өткөн жылы Иран колдогон шиит козголоңчулары Йемендин түндүгүндөгү аймактарды жана борбор калаа Сананы басып алган. Ушул жылдын башында алар Йемендин президенти Абд Раббу Мансур Хадини кызматтан кетүүгө мажбурлашкан. Кийин ал Аден шаарына качып кеткен. Хади учурда Египетте жүрөт жана Лиганын саммитине катышары кабарланды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG