Орусиянын министрлер кабинети кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду тууралуу кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Анда фонддун максаты эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга, кыргыз экономикасын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү экени белгиленет.
Өкмөт жактырган мыйзам долбоору эми Орусиянын Мамлекеттик думасынын кароосуна жиберилет.
Фонддун уставдык капиталы - 500 млн. доллар. 2014-жылы Орусия алгачкы 100 миллион долларын берген. 2015-жылы 250 млн. доллар көлөмүндө экинчи транш күтүлүүдө. Ал эми кийинки жылы калган 150 млн. доллары берилет деп пландалган. (ZMa)