2-апрелде Дүйшөнбү шаарында Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму өтөт. Ага Кыргызстандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын тышкы иштер министрлери жана ЖКУУнун баш катчысы Николай Бордюжа катышат.
Министрлер Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алат деп күтүлүүдө. Ошондой эле отурумда эл аралык саясаттагы учурдун көйгөйлөрү, Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери талкууланат. (ZMa)