Ушу тапта Билим берүү министрлигинин алдына мектептер аралык республикалык олимпиаданын жыйынтыгына нааразы болгон төрт ата-эне балдары менен митингге чыгышты. Алар туура эмес чечим чыгарды деп комиссияны айыпташууда.
“Биздин балдардын туура чыккан эсептерин жокко чыгарып, комиссиянын төрайымы 1-орунду өзүнүн небересине берип койду. Олимпиадада уткан окуучу Малика Усубалиева анын небереси экенине далилдерибиз бар. Азыр бул жерде Таластагы, Бишкектеги Себат лицейлеринин, №28-мектептин окуучуларынын ата-энелери турабыз. Министрликтен өкүлдөр чыгып бир жумада териштирип беребиз дешти. А бирок, бүгүн балдарга сыйлыктарды тапшырып коюшпадыбы”, деди митингге чыккан ата-энелердин бири Назира Абдраимова.
Бул боюнча Билим берүү министрлиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (МТо)