Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Немцовдун өлүмү боюнча жаңы жагдай пайда болду


Борис Немцовдун өлүмү боюнча тергөөдө жаңы фигурант пайда болгонун «Коммерсант» басылмасы тергөөгө жакын булактарына шилтеме жасап билдирди.

Башкы айыпталуучу Заур Дадаевдин көрсөтмөсүнө ылайык, Русик каймана аттуу адам кылмышкерлерди курал, автоунаа менен камсыздап, ар бирине 5 млн. рублдан убада кылган.

"Тергөө комитети ал адамдын аты-жөнүн тактады, бирок, азырынча ал коомчулукка айтылбайт. Болгону ал кармалгандардын жердеши экен жана ага издөө салынган эмес" деп жазат басылма.

Мурда да ММКлар өз булактарына таянып, Дадаевдин көрсөтмөлөрүндө айтылган “чечен Русик” тууралуу жазып чыгышкан. Дадаев Русик менен Москвадагы “Европейский” соода борборунда кокусунан таанышканын мойнуна алган.

Учурда Немцовдун өлүмү боюнча беш адам Заур Дадаев, Тамерлан Эскерханов, Рамзат Бахаев, Анзор жана Шадид Губашевдер камакка алынган.

Орусиялык оппозициячы Борис Немцов 27-февралдын кечинде Москванын борборунда атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG